Папуа-Жаңы Гвинеяда күчү 7,6 баллга жеткен жер титирөө болду

Америка геологиялык кызматы өлкөнүн түндүк-чыгышындагы Кайнанту аймагындагы жер титирөөнүн 90 километр тереңдикте болгонун жарыялады.

1878384
Папуа-Жаңы Гвинеяда күчү 7,6 баллга жеткен жер титирөө болду

Тынч океандын түштүк-батышындагы Папуа-Жаңы Гвинеяда күчү 7,6 баллга жеткен жер титирөө болду.

Америка геологиялык кызматы өлкөнүн түндүк-чыгышындагы Кайнанту аймагындагы жер титирөөнүн 90 километр тереңдикте болгонун жарыялады.

АКШнын Океан жана атмосфера боюнча улуттук башкармалыгы жер титирөөдөн кийин Папуа-Жаңы Гвинея менен Индонезиянын жээктерине цунами коркунучу тууралуу эскертүү берип, андан соң эскертүүсүн жокко чыгарды.



Тектеш кабарлар