Зеленский: "30дан ашык конуш кайтарылды"

Зеленский социалдык медиа эсебинен билдирүүсүндө күн тартибине баа берди.

1878220
Зеленский: "30дан ашык конуш кайтарылды"

Украинанын президенти Владимир Зеленский өлкөнүн чыгышындагы Харьков облусундагы 30дан ашуун калктуу конуш орус аскерлеринен кайтарылып алынганын жарыялады.

Зеленский социалдык медиа эсебинен билдирүүсүндө күн тартибине баа берди.

Украинанын армиясы, чалгындоо жана коопсуздук кызматы ар кандай оперативдүү багыттарда активдүү аракеттерди ийгиликтүү улантканын белгилеген Зеленский: "Куралдуу күчтөр Харьков областынын 30дан ашык калктуу пункттарын бошотуп, көзөмөлгө алышты”,-деди.

Зеленский Харьков облусунун кээ бир айылдарында аймакты көзөмөлдөө жана коопсуздук чаралары уланып жатканын, акырындык менен жаңы конуштарды көзөмөлгө алып жатканын айтты.

Харьков облусунун Аскердик администрациясынын губернатору Олег Синегубо украин күчтөрүнүн Харьков аймагында орус күчтөрүнө каршы чабуул баштаганын жарыялады.

Украин армиясынын кечээги билдирүүсүндө Харьков аймагындагы 20дан ашуун отурукташуу жеринин орус күчтөрүнөн кайтарылганы жарыяланды.

Орус аскерлери 24-февралда Украинага чабуул кое баштаган.



Тектеш кабарлар