Швецияда ЙПГ/ПКК тарапкерлери демонстрацияга чыгышты

Норра Банторгет аянтында чогулган террордук уюмдун жактоочулары Түркиянын Сириянын түндүгүнө карай ыктымалдуу аскердик операциясына бөгөт коюуну талап кылышты.

1878334
Швецияда ЙПГ/ПКК тарапкерлери демонстрацияга чыгышты

Швециянын борбор шаары Стокгольмдо жикчил террордук уюм ЙПГ/ПККнын жактоочулары Түркияга каршы демонстрация өткөрүштү.

Норра Банторгет аянтында чогулган террордук уюмдун жактоочулары Түркиянын Сириянын түндүгүнө карай ыктымалдуу аскердик операциясына бөгөт коюуну талап кылышты.

28-июнда Испанияда өткөн НАТОнун Мадрид саммитинде Түркия, Финляндия жана Швеция кол койгон үч тараптуу меморандумдун алкагында түзүлгөн Туруктуу биргелешкен механизмдин жокко чыгарылышын талап кылган террорду колдоочулар Түркия, Финляндия жана Швецияга каршы ураандарды кыйкырып жатышты.

Мындан тышкары уюмдун жактоочулары эртең боло турган жалпы жана жергиликтүү шайлоолор үчүн ПКК/ЙПГны колдогон талапкерлерге добуш берүүнү талап кылышты.

Демонстранттар террордук уюм ЙПГ/ПККны символдоштурган чүпөрөктөрдү көтөрүп бара жатып, террордук уюмдун корбашчысынын афишасын ачышты.



Тектеш кабарлар