Блинкен менен Столтенберг Түркия менен Грецияны диалогго чакырышты

Блинкен менен Столтенберг Бельгиянын борбор шаары Брюсселдеги НАТОнун борборундагы Түндүк Атлантика Кеңешинин жыйынына катышты.

1878181
Блинкен менен Столтенберг Түркия менен Грецияны диалогго чакырышты

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Түркия менен Грециянын пикир келишпестиктерин диалог аркылуу чечүүсүн каалашкандарын билдиришти.

Блинкен менен Столтенберг Бельгиянын борбор шаары Брюсселдеги НАТОнун борборундагы Түндүк Атлантика Кеңешинин жыйынына катышты.

Андан кийин өткөрүлгөн биргелешкен маалымат жыйынында суроолорго жооп берген Блинкен, Түркия менен Грециянын ортосундагы чыңалууга байланыштуу суроого мындай деп жооп берди:«Эки өлкө тең АКШнын маанилүү өнөктөштөрү жана достору. Алардын айырмачылыктары бар. Биз бул пикир келишпестиктердин диалог аркылуу конструктивдүү чечилишин каалайбыз. Өткөндө ушундай болгон. Биз алардан дагы ушундай жол менен чечет деп күтөбүз».

Швеция менен Финляндиянын НАТОго мүчөлүк маселесине баа берген Блинкен, союздаштар арасында мүчөлүк үчүн кеңири консенсус бар экенин жана процесстин жылып баратканына ишенгенин айтты.

Блинкен бардыгынын көңүлүн Орусияга буруу керектигин жана бул өлкөнүн трансатлантикалык альянстын чегинен тышкары коркунуч туудурганын белгиледи.

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг:"Түркия менен Греция абдан баалуу эки союздаш. Алар НАТОго ар кандай жолдор менен салым кошуп жатышат. Алардын ортосундагы пикир келишпестиктер албетте дипломатиялык жол менен чечилиши керек",-деп айтты.

Столтенберг Түркия менен Грециянын ортосунда кандайдыр бир кооптуу абалды болтурбоо үчүн НАТОдо чыңалууну азайтуу механизминин түзүлгөнүн жана мунун мурда да колдонулганын эске салды.



Тектеш кабарлар