Орусиядан ЕБге дан жообу

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мария Захарова билдирүү жасады.

1877968
Орусиядан ЕБге дан жообу

Орусия Африка өлкөлөрүнүн дагы эле эгинди күтүп жатканын жарыялоо менен Европа Биримдигине (ЕБ) каршы чыкты.

Европа Биримдигинин тышкы байланыштар жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Жозеп Боррелл Европарламенттин конференциясында Африканын ачарчылык коркунучу астында деген тезисинин чындыкка дал келбей турганын жана континентте Евробиримдиктин санкцияларынан эмес, Орусиянын аракеттеринен келип чыккан көйгөйлөр бар экенин  айтып чыккан.

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мария Захарова Борреллдин жумалык маалымат жыйынында айткан сөздөрүнө жооп кайтарып: «Евробиримдиктин мүчөлөрү тоюп, дүйнөдө ачарчылык болбой калды окшойт. Башкалардын баары кам көрүшү керек. Бул «ээси тойду, калганын биринчи иттерге,анан кулдарга таратып бергиле» деген логика»,-деп айтты.

«Боррел мырза, Африка сиздин үгүттөөчү сөздөрүңүздү эмес, орус данын күтүп жатат»,-деп айткан Захарова, Батыштын чектөө чараларынан улам орус эгин экспортунун ишке ашпай калганын айтты.

Орусиянын президенти Владимир Путин, Владивостокто өткөрүлгөн Чыгыш Экономикалык форумундагы билдирүүлөрүндө өлкөдөн чыга албаса азык-түлүк кризисине алып келери айтылган Украина данынын көбү өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө эмес, Европа Биримдигине кирген өлкөлөргө кетип жатканын белгилеген.

Путин президент Эрдоган менен украин эгиндери жөнөтүлө турган өлкөлөрдүн делимитациясын талкуулай турганын билдирди.



Тектеш кабарлар