Орусия 25 америкалыкка санкция киргизди

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги жазуу түрүндө маалымат берди.

1876222
Орусия 25 америкалыкка санкция киргизди

Орусия АКШнын соода министри Жина Раймондо, Голливуд актёрлору Шон Пенн жана Бенджамин Эдвард Мира Стиллер баш болгон 25 америкалык жаранга санкция киргизди.

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта, АКШнын президенти Жо Байден башкаруусунун орус жарандарына каршы барган сайын кеңейип жаткан санкция чечимдерине жооп иретинде, АКШ конгрессинин мүчөлөрү, жогорку даражалуу кызматкерлер, бизнес өкүлдөрү менен маданият тармагында иштеген 25 АКШ жаранына Орусияга кирүүгө тыюу салынгандыгы кабарланды.

Санкция чечимине кирген 25 адамдын тизмесинде кээ бир сенаторлордон тышкары АКШнын соода министри Раймондо, киноактерлор Пенн жана Стиллердин ысымдары да бар.



Тектеш кабарлар