Ооганстанда жанкечтилик кол салуу болуп, 6 киши каза тапты

Талибан башкаруучулугунун Кабул полиция башкармалыгынын басма сөз катчысы Халид Задран басма сөзгө жасаган билдирүүсүндө, жанкечти Орусиянын Кабулдагы элчилигинин жанында өзүнө тагылган бомбаны жардырганын айтты.

1876083
Ооганстанда жанкечтилик кол салуу болуп, 6 киши каза тапты

Ооганстанда Орусиянын Кабулдагы элчилигинин жанында болгон жанкечтилик кол салууда 4 карапайым адам жана элчиликтин 2 орус жараны каза болду.

Талибан башкаруучулугунун Кабул полиция башкармалыгынын басма сөз катчысы Халид Задран басма сөзгө жасаган билдирүүсүндө, жанкечти Орусиянын Кабулдагы элчилигинин жанында өзүнө тагылган бомбаны жардырганын айтты.

Кол салуучунун элчиликтин алдындагы элге кирүүсүнө Талибан күчтөрү тарабынан бөгөт коюлганын болгондугун билдирген Задран кол салууда элчиликте иштеген 4 жаран менен 2 орус жаранынын каза болгонун, көп сандаган жарандын жараланганын белгиледи.

Задран кол салууга байланыштуу аймакта кеңири масштабдуу иликтөө башталганын белгиледи.

Башкаруучулар окуяны мындан мурда бомбалуу жардыруу деп жарыялашкан.

Окуяга күбө болгондор кол салуунун Орусия элчилигинин алдында виза процедурасын күтүп жаткан элдин арасында жасалганын айтышты.

Аймакка көп сандаган тез жардам унаалары жөнөтүлүп жатканда, элчиликтин айланасындагы бардык көчөлөр кыймылга жабылды.

Азырынча кол салуу үчүн эч ким жоопкерчилик ала элек.

Бир тараптан Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Кабулдагы Орусиянын элчилигинин алдындагы жардыруудан 2 миссия кызматкеринин каза болгонун жарыялады.

Билдирүүдө Орусиянын элчилигинин иликтөө жүргүзүп жаткан ооган жетекчилери менен тыгыз байланышта экени айтылды.

Бириккен Улуттар Уюмунун Ооганстанга жардам берүү миссиясы (UNAMA) жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө жанкечтилик кол салууну айыптады.

Билдирүүдө Талибан башкаруусунан элдин жана дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу боюнча олуттуу иш алып баруусу талап кылынды.



Тектеш кабарлар