Пакистанда каза болгондордун саны өсүүдө

Селден каза болгондордун саны 1208ге жетти.

1874865
Пакистанда каза болгондордун саны өсүүдө

Пакистанда 14-июндан бери уланган муссон жамгырларынан улам каза болгондордун саны 1208ге жетти.

Пакистандын улуттук өзгөчө кырдаалдар агенттигинин маалыматына караганда, апаатта каза болгон 1208 кишинин 244үн аялдар, 416сын жаш балдар түзсө, жаракат алгандардын саны болсо 6 миң 82 болду.

Өлкөдө селдерден 33 миллион 46 миң адам жабыркап, 733 миң 488 айыл чарба малдары кырылып калды.

Селдин кесепетинен өлкө боюнча 5 миң 63 чакырым жол жарактан чыкты, 243 көпүрө жана 173 дүкөн урап 1 миллион 172 миң 549 үй зыянга учурады, анын 436 миң 307си толугу менен кулап калды. 



Тектеш кабарлар