Украина: "Орусия 48 миң 350 аскеринен ажырады"

Украинанын куралдуу күчтөрүнүн «Түштүк» операция командирлиги маалымат берди.

1874608
Украина: "Орусия 48 миң 350 аскеринен ажырады"

Украина согуш башталган 24-февралдан бери орус армиясынын 48 миң 350 жоокеринен ажыраганын билдирди.

Украинанын куралдуу күчтөрүнүн «Түштүк» операция командирлигинен берилген маалыматта, өлкөнүн түштүгүндө орус армиясы менен кагылышуулар уланып, украин армиясынын каршы чабуулунун натыйжасында орус аскерлеринин чоң жоготууга учураганы белгиленди.

Акыркы суткада Украинанын түштүгүндө орус армиясына таандык 12 танк, 18 зооттолгон унаа, 1 зениттик ракета, 10дон ашык замбирек жана гаубицадан турган 43 техникадан тышкары 2 башкаруу борбору жана 6 ок-дары кампасы жок кылынып, 201 орус аскеринин каза болгондугу айтылды.

Согуш башталгандан бери Орусияга таандык 234 учак, 205 тик учак, 1997 танк, 4345 бронетехника, 1115 замбирек, 15 кеме, 851 учкучсуз учуучу аппарат, 3239 унаа, 287 ракета аткычтар жок кылынганы жана Орустар тарабынан учурулган 196 канаттуу ракетанын Украинанын абадан коргонуу бөлүктөрү тарабынан атып түшүрүлгөнү кабарланды.

Билдирүүдө орус армиясынын согуш башталгандан бери 48 миң 350 аскеринен ажыраганы маалымдалды.

Орусиянын Коргоо министрлигинин 25-марттагы билдирүүсүндө Украинада 1351 орус аскеринин каза болгондугу айтылган.



Тектеш кабарлар