Пакистан Түркияга ыраазычылык билдирди

Гуманитардык жардам ташыган поезд кечээ Анкарадан Пакистанга жөнөп кеткен болчу.

1874078
Пакистан Түркияга ыраазычылык билдирди
Turkiye pakistan iyilik treni.jpg
pakistan sel.jpg

Пакистан, өлкөнүн оор мезгилинде Түркиянын жиберген «Жакшылык поезди» үчүн ыраазычылык билдирди.

Пакистандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Асым Ифтихар Ахмед жарыялаган ыраазычылык билдирүүсүндө, Пакистан менен Түркиянын тарыхтын оор мезгилдеринде бири-бирине колдоо көрсөткөнүнө көңүлдөрдү бурду.

Ахмед: «Эки өлкөнүн ортосундагы бекем байланыштарды көрсөткөн бул мамилени чын жүрөктөн жогору баалайбыз»,- деди.

Премьер-министр Шахбаз Шариф болсо Твиттердеги баракчасынан: «Чечкиндүү бир тууганым Режеп Таййип Эрдоган селден жабыркагандарга гуманитардык жардам көрсөтүү иштерине жетекчилик кылууда. Түркия чоң жардам көрсөтүү аракетин баштады. Бүгүнкү күнгө чейин 6 учак келди, эртең (бүгүн) 2 учак келет. Жардам ташыган поезд Анкарадан Пакистанга жөнөдү»,-деп билдирди.

Апаат жана чукул кырдаалдарды башкаруу төрагалыгынын (AFAD) координациясында чогулган бейөкмөт уюмдардын колдоосу менен даярдалган гуманитардык жардам материалдары борбор шаар Анкарадан сел апаатынан жапа чеккен Пакистанга «Жакшылык поезди» менен кечээ жолго чыккан.

Бир тараптан Пакистанда 14-июндан бери уланган муссон жамгырларынан улам каза болгондордун саны 1162ге, жаракат алгандардын саны 3554кө жетти.

Пакистандын өзгөчө кырдаалдар агенттигинин (NDMA) маалыматына караганда, акыркы 24 саатта өлкөдө 36 адам каза болду.

Өлкөдөгү нөшөрлөп жааган жамгырдан 33,4 миллион адам жапа чекти.  



Тектеш кабарлар