Орусиянын электрондук соода платформасы Озон Түркияда кеңсесин ачат

Фирманын Стамбулда жаңы кеңсе ача турганы кабарланды.

1874117
Орусиянын электрондук соода платформасы Озон Түркияда кеңсесин ачат

Орусиянын алдыңкы электрондук соода платформасы Ozon Түркияда кеңсесин ачууда.

Озонго караштуу Озон Глобалдан берилген жазуу түрүндөгү маалыматта, фирманын Стамбулда жаңы кеңсе ача турганы кабарланды.

Бул жаңы кеңсе менен кардарларга кеңири чөйрөдө түрк товарларына жетүүсүн камсыз кылуу максат кылынганына көңүл бурулган билдирүүдө: «Учурда жогорку жетекчилик, Стамбулда түрк тилин билген жана жергиликтүү керектөө секторунун өзгөчөлүктөрүн жакшы билген адистердин тобун түзүп, күзүндө активдүү ишти баштоону пландаштырууда»,-деп айтылды.

Билдирүүдө, «Жаңы логистикалык кызмат жеткирүү убактысын дээрлик 2 эсеге кыскартат. Монтаждалбаган жеткирүү убактысы 6-8 күндүн ортосунда болот. Тез жеткирүү, орусиялык сатып алуучулар үчүн түрк товарларынын жагымдуулугун арттырат»,-деген сөздөр камтылды.

Озон өткөн жылы 6 миллиард долларлык жүгүртүүгө ээ болгон.



Тектеш кабарлар