Рамадан Эрдоганга мактоо

Эди Рама Словенияда өткөрүлгөн 17-Блед стратегиялык форумуна катышты.

1873633
Рамадан Эрдоганга мактоо

Албаниянын премьер-министри Эди Рама: "Президент (Режеп Таййип) Эрдоган болбогондо, өлкөбүздө дагы көптөгөн адамдар өмүрүнөн ажырамак",- деди.

Словенияда өткөрүлгөн 17-Блед стратегиялык форумуна катышкан Эди Рама: «Күчтүн үстөмдүгүбү же куралдардын күчүбү?» темалуу лидерлер панелинде сөз сүйлөдү.

Европа Биримдигинин (ЕБ) жаңы типтеги коронавирус (Ковид-19) пандемиясында мүчө мамлекеттердин жарандарын жетиштүү сандагы вакциналар менен камсыз кылганын баса белгилеген Рама, Батыш Балкан өлкөлөрүндө болсо саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин да аларга жетүү мүмкүнчүлүгү болбогонун айтып: "Бизге вакцинаны Түркия берди. Президент Эрдоган болбогондо, өлкөбүздө дагы көптөгөн адамдар өмүрүнөн ажырамак",-деди. 

 



Тектеш кабарлар