Кытай АКШнын эки согуштук кемесинин Тайван кысыгынан өтүшүн кылдат байкады

Бул тууралуу Кытай Элдик боштондук армиясынын (PLA) Чыгыш фронт командирлигинен жасалган билдирүүдө айтылды.

1873134
Кытай АКШнын эки согуштук кемесинин Тайван кысыгынан өтүшүн кылдат байкады

Кытай армиясы, Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) деңиз күчтөрүнө таандык эки согуштук кеменин Тайван кысыгынан өтүшүнө байланыштуу «коргоо абалында» болгонун жарыялады.

Кытай Элдик боштондук армиясынын (PLA) Чыгыш фронт командирлигинен жасалган билдирүүдө «USS Antietam жана USS Chancellorsville кемелеринин Тайван кысыгынан өтүшү көзөмөлдөндү», «Жоокерлер күжүрмөн абалда жана ар кандай провокацияларды кайтарууга даяр» экени жарыяланды.

АКШнын Тынч океандагы 7-деңиз флотунун билдирүүсүндө USS Antietam жана USS Chancellorsville согуштук кемелеринин Тайван кысыгынан пландуу түрдө өткөнү жарыяланды.

Билдирүүдө «круиз» тибиндеги кемелердин «Кысыкта жээги бар өлкөлөрдүн эч биринин аймактык сууларында болбогон коридорду колдонгону» баса белгиленди.

Бул өтүш ушул айдын башында Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелосинин Кытай менен эгемендүүлүк боюнча жаңжалда турган Тайванга иш сапары менен баргандан берки АКШнын Аскер-деңиз флотунун Тайвань кысыгындагы биринчи круизи болду.

Ак үйдүн Индо-Тынч океан боюнча координатору Курт Кэмпбелл 12-августта «АКШ жакынкы апталарда Тайван кысыгы аркылуу стандарттуу аба жана деңиз аркылуу өтүүнү кайра баштайт» деп билдирди.

Тайванды өз аймагынын бир бөлүгү катары караган Кытай кысыкты өзүнүн аймактык суулары жана эгемендиги катары көрөт. АКШнын Аскер-деңиз күчтөрү болсо «эл аралык суулар» деп эсептеген жерлерде навигация эркиндигинин чегинде жол укугуна ээ экенин жактоодо.

Ушул айдын башында Пелоси акыркы 25 жылда Кытай менен эгемендүүлүк боюнча жаңжалда турган аралга барган АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын биринчи спикери болуп калды. Бул сапар аралды өз аймагынын бир бөлүгү катары көргөн Кытайдын реакциясын жаратты.



Тектеш кабарлар