Ганада 6 айда 23 миң 495 адам СПИДге чалдыкты

Гананын ВИЧ/СПИДге каршы күрөшүү программасынын директору доктор Стивен Айиси Аддо маалымат берди.

1872596
Ганада 6 айда 23 миң 495 адам СПИДге чалдыкты

Батыш Африка өлкөлөрүнүн бири Ганада үстүбүздөгү жылдын биринчи жарымында 23 миң 495 кишинин иммундук жетишсиздик вирусун (ВИЧ) жуктуруп алганы кабарланды.

Гананын ВИЧ/СПИДге каршы күрөшүү программасынын директору доктор Стивен Айиси Аддо, январь-июнь айларынын аралыгында 948 миң 94 кишинин ВИЧке каршы тесттен өткөнүн, алардын 23 миң 495инин оң чыкканын жана бейтаптардын көбүнүн дарыланганын айтты.

Бул жаңы көрсөткүчтүн абдан жогору экенин баса белгилеген Аддо: «Ошондуктан ВИЧтин дагы деле реалдуу экенин элге жеткирүү үчүн маалымат берүүнү күчөтүшүбүз керек»,-деди.

Доктор Аддо өлкөдөгү адамдардын көбүнүн ВИЧ/СПИДге каршы тесттен өтүүдөн тартынышканын, ушундан улам миңдеген адамдардын вирусту алып жүргөнүн билбегендерин айтты.

Жаштардын көпчүлүгүнүн вирустан кабары жок экенине көңүл бурган Аддо мындай деди: «Бүгүнкү күндө кээ бир жаштар ВИЧтин чын экенин билишпейт. Адамдар азыр СПИДге караганда Ковид-19 жана Марбург ысытмасынан көбүрөөк коркушат»,-деп айтты.

Аддо өкмөттүн ВИЧ/СПИДге каршы жаңы акцияларды баштай турганын билдирди.



Тектеш кабарлар