Байден менен Зеленский Орусияны Запорожье АЭСин Украина жана МАГАТЭге өткөрүп берүүгө чакырды

Ак үйдүн жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө Байден менен Зеленскийдин телефон аркылуу сүйлөшкөнү маалымдалды.

1872574
Байден менен Зеленский Орусияны Запорожье АЭСин Украина жана МАГАТЭге өткөрүп берүүгө чакырды

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) президенти Жо Байден менен Украинанын президенти Владимир Зеленский Запорожье атомдук электр станциясын толугу менен көзөмөлгө алууну Украинага жана Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттикке (МАГАТЭ) өткөрүп берүү боюнча Орусияга чакырык салышты.

Ак үйдүн жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө Байден менен Зеленскийдин телефон аркылуу сүйлөшкөнү маалымдалды.

Билдирүүдө Байдендин Зеленскийди Украинанын эгемендүүлүк күнү менен куттуктаганы жана украин элинин 6 ай бою көрсөткөн каршылыгына суктанганын билдиргени белгиленген.

Билдирүүдө, «Байден Кошмо Штаттары Украинаны колдоону улантып жатканын билдирди жана Зеленскийге коопсуздук боюнча жүргүзүлүп жаткан жардам, анын ичинде кечээ жарыяланган 3 миллиард доллар тууралуу маалымат берди»,делди.

Билдирүүдө эки лидер Орусияны Запорожье АЭСин толугу менен Украинага жана МАГАТЭге өткөрүп берүүгө чакырганы кабарланган.

Бир тараптан Ак үйдүн басма сөз катчысы Карине Жан-Пьер да күнүмдүк маалымат жыйынында Запорожье атомдук станциясына байланыштуу билдирүүлөрдү жасады.

Жан-Пьер: «Атомдук электр станциясы эч качан согуш майданы болбошу керек. Орусия АЭСтин айланасында демилитаризацияланган аймак түзүлүшүнө макулдук берип, аны мүмкүн болушунча тез арада МАГАТЭнин эл аралык коопсуздук көзөмөлүндө калтырышы керек»,- деди.



Тектеш кабарлар