Украинадагы темир жол вокзалында 25 адам каза болду

Орус армиясынын ракеталык кол салуусунан каза болгондордун саны 25ке жетти.

1872287
Украинадагы темир жол вокзалында 25 адам каза болду

Украинанын Днепропетровска облусуна караштуу Чаплине шаарчасындагы темир жол станциясына кечээ орус армиясынын ракеталык кол салуусунан каза болгондордун санынын 25ке жеткени билдирилди.

Украина Президенттигинин аппарат жетекчисинин орун басары Кирил Тимошенко Telegram баракчасынан, Чаплине шаарчасында ракеталар тийген аянттагы издөө-куткаруу иштеринин аяктаганын билдирди.

Тимошенко: "Орус баскынчыларынын турак жайларды жана вокзалды бомбалоосунан 25 адам, анын ичинде 2 бала каза болуп, 31 адам жаракат алды",-деди. 

Орус күчтөрү кечээ Чаплине шаарчасындагы темир жол станциясына ракеталык чабуул жасап, украин бийлиги кол салууда 15 кишинин каза болгонун кабарлаган. 

Орус аскерлери 24-февралда Украинага чабуул кое баштаган болчу.



Тектеш кабарлар