Гутерриш «тынчтыкка» чакырды

Антониу Гутерриш БУУнун Коопсуздук Кеңешинде сүйлөгөн сөзүндө украин элине керек болгон «тынчтыкка дароо» жетишүү керектигин белгиледи.

1872061
Гутерриш  «тынчтыкка» чакырды

 

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Антониу Гутерриш 6 айдан бери Орусиянын басып алуусунда болгон Украинанын 31-Эгемендүүлүк күнүндө «тынчтыкка» чакырды.

Антониу Гутерриш БУУнун Коопсуздук Кеңешинде сүйлөгөн сөзүндө украин элине керек болгон «тынчтыкка дароо» жетишүү керектигин белгиледи.

24-февралда башталган Орусия-Украина согушуна токтолгон Гутерриш: «Бул маанисиз согуштун кесепеттери Украинанын чегинен тышкары да сезилип жатат»,-деди.

Гутерриш Орусия-Украина согушу «жаңжалдардан, теңсиздиктен, ден-соолук көйгөйлөрүнөн, пандемиядан кийинки экономикадан жана климаттык кризистен чарчаган глобалдык системадагы жаңы алсыздыктарды ачып жатканын» баса белгиледи.

«Азык-түлүк, жер семирткич жана күйүүчү майдын баасынын тез өсүшү миллиондогон адамдарды жакырчылыкка түрткөн жана ачарчылык менен жетишсиз тамактанууну күчөткөн глобалдык кризиске алып келгенин» белгилеген Башкы катчы жер семирткичтер рыногу тең салмактуу болмоюнча 2023-жылы азык-түлүк жетишсиз болорун айтты.



Тектеш кабарлар