Форд 3000 кишини жумуштан бошотот

Кызматтан бошотуулардын негизинен АКШ, Канада жана Индияда болоору белгиленди.

1871181
Форд 3000 кишини жумуштан бошотот

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) негизги унаа өндүрүүчүлөрүнүн бири Форд көпчүлүгү Түндүк Америкадан болгон дүйнө жүзү боюнча 3 миң кишини жумуштан бошоторун билдирди. 

Кызматтан бошотуулардын негизинен АКШ, Канада жана Индияда болоору белгиленди.

Форд март айында 2026-жылга чейин жылына 2 миллиондон ашык электр унаасын чыгарууну пландап жатканын жана электр унаа иштерин тездетүү үчүн операцияларын "Ford Model e" жана "Ford Blue" деп экиге бөлгөнүн жарыялаган.



Тектеш кабарлар