БУУ «Орусия украиналык туткундарды соттой» турганына тынчсыздануусун билдирди

БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Равина Шамдасани БУУнун Женева кеңсесинде жумалык маалымат жыйынында cөз сүйлөдү.

1871450
БУУ «Орусия украиналык туткундарды соттой» турганына тынчсыздануусун билдирди

Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) Украинанын Донецк аймагындагы орусиячыл куралдуу топтордун колго түшүргөн украиналыктарды жоопко тартат деген дооматтарына тынчсызданганын билдирди.

БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Равина Шамдасани БУУнун Женева кеңсесинде жумалык маалымат жыйынында cөз сүйлөп, Донецктеги украиналык согуш туткундарынын жакынкы күндөрдө «эл аралык сотто» карала турганы тууралуу аймактан келген кабарларга баа берди.

Шамдасани социалдык медиада тараган кээ бир фото жана видеолордун Мариуполдогу оркестр залында темир торлордун курулганын көрсөткөнүн белгилеп, аймактагы окуялар тынчсыздандырганын айтты.

Согуш туткундарынын эл аралык укукка ылайык «согуштук кол тийбестикке» ээ экенин жана куралдуу кагылышуу учурундагы согуш мыйзамдарына ылайык иш-аракеттери үчүн соттолбошу керектигин билдирген Шамдасани: «Эгерде абактагылар башка кылмыштар боюнча айыпталса, сот адилеттигин камсыз кылуу керек»,-деди.

Орус бийликтери менен Украинадагы орусиячыл куралдуу топтордун туткундарга «согуш кылмышкери», «нацист» жана «террорист» деген аныктамаларды жасаганын белгилеген Шамдасани, мындай мүнөздөмөлөрдүн күнөөсүздүк презумпциясына шек келтиргенин баса белгиледи.

Абактагылардын соту боюнча айыптоолорго байланыштуу Москва башкаруусуна чакырык салган Шамдасани, көз карандысыз байкоочулардын туткундар камалган жерлерге эркин кире алышы керектигин баса белгиледи.

Украинанын президенти Владимир Зеленский кечээ күнү Украинанын Эгемендүүлүк күнүнө карата тараткан видео кайрылуусунда орус аскерлери Мариуполдо туткундар үчүн сот түзсө, Орусия менен эч кандай сүйлөшүүгө катышпай турганын билдирген.



Тектеш кабарлар