Судандагы селден улам өзгөчө кырдаал жарыяланды

Башкармалык сел кырсыктары болгон Нил дарыясы, Жазира, Ак Нил, Батыш Курдуфан, Түштүк Дарфур жана Кеселе провинцияларында коңгуроо жана өзгөчө кырдаал жарыялады.

1870565
Судандагы селден улам өзгөчө кырдаал жарыяланды

Суданда 79 кишинин өмүрүн алган селден улам өзгөчө кырдаал жарыяланды.

Судандын расмий маалымат агенттиги (SUNA) билдиргендей, министрлер кеңеши өлкөдө нөшөрлөп жааган жамгыр себеп болгон сел апааттарында катталган жан жана мүлктүк жоготууларды, жабыркагандарга керектүү жардамдарды көрсөтүүнү талкуулоо үчүн чогулду.

Башкармалык сел кырсыктары болгон Нил дарыясы, Жазира, Ак Нил, Батыш Курдуфан, Түштүк Дарфур жана Кеселе провинцияларында коңгуроо жана өзгөчө кырдаал жарыялады.

Өлкөнүн борбордук бөлүгүндө жайгашкан Жазира провинциясындагы Менагил, суу ташкындарында каза болгондор жана материалдык чыгымдардан улам «кырсык зонасы» деп жарыяланды.

Жазира провинциясынын губернатору Исмаил Авадалла аль-Акип, Менагил аймагындагы селден 3 миңден ашуун үйдүн кыйраганын билдирди.

Июнь айынан бери өлкөдө селден 79 адам каза болду.

Бириккен Улуттар Уюмунун гуманитардык иштер башкармалыгы өлкөдө нөшөрлөп жааган жамгырдан 136 миң кишинин жабыркаганын жарыялады.

Суданда июль-октябрь айларында таасирдүү болгон сел жана суу ташкындарынын натыйжасында жыл сайын 100дөн ашуун адам каза болуп, он миңдеген үй, жумуш орундары жана айыл чарба жерлери зыянга учурайт.



Тектеш кабарлар