Германия, АКШ,Франция жана Британиянын жетекчилери телефон аркылуу сүйлөшүштү

Германия өкмөтүнүн басма сөз катчысы Штеффен Хебестрейт жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, лидерлердин Орусиянын баскынчылыгына каршы коргонууда Украинага берилген колдоонун улануусу боюнча макулдашканын белгиледи.

1870584
Германия, АКШ,Франция жана Британиянын жетекчилери телефон аркылуу сүйлөшүштү

Германиянын канцлери Олаф Шольц АКШнын (АКШ) президенти Жо Байден, Франциянын президенти Эммануэль Макрон жана Британиянын премьер-министри Борис Жонсон менен телефон аркылуу эл аралык маселелерди талкуулады.

Германия өкмөтүнүн басма сөз катчысы Штеффен Хебестрейт жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, лидерлердин Орусиянын баскынчылыгына каршы коргонууда Украинага берилген колдоонун улануусу боюнча макулдашканын белгиледи.

Лидерлердин Украинадагы Запорожье атомдук станциясындагы абалды да талкуулаганын баса белгилеген Хебестрейт, мамлекет жана өкмөт башчыларынын АЭСтин айланасында аскердик кадамдардан алыс болууну жана Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин атомдук станцияга тезирээк баруусун талап кылганын белгиледи.

Штеффен Хебестрейт Иран менен өзөктүк келишимге байланыштуу сүйлөшүүлөр жана Жакынкы Чыгыштагы абал, анын ичинде Ирандын аймактагы жүрүм-туруму да талкууланганын маалымат менен бөлүштү.



Тектеш кабарлар