Чыгыш Гутада Асад режми химиялык курал колдонгон күн...

Сириянын адам укуктары тармагынын маалыматына караганда, Асад режиминин кол салуусунда каза болгондордун 1100дөн ашыгы аялдар жана балдар болгон.

1870705
Чыгыш Гутада Асад режми химиялык курал колдонгон күн...

 

Сирияда Башар Асад режиминин борбор шаар Дамасктын Чыгыш Гута аймагында 2013-жылы 21-августта 1400дөн ашуун жарандын химиялык куралдан каза болушуна алып келген кол салуусуна каршы Идлибде эл нааразылык акциясына чыкты.

Идлиб шаарынын борборунда чогулган эл «Адилет чырагын өчүрбөйбүз», «Жапа чеккендердин атынан үнүбүздү бийик чыгарып, алар үчүн адилеттүүлүктү талап кылабыз», «Асад режими тарабынан химиялык курал менен жасалган кыргындар жапа чеккендерге гана эмес, бүткүл адамзатка каршы жасалган», «Курмандардын руху дагы эле адилеттикти күтүп жатат» деген араб жана англис тилдеринде жазылган плакаттарды көтөрүп жүрүштү.

Сириянын адам укуктары тармагынын маалыматына караганда, Асад режиминин кол салуусунда каза болгондордун 1100дөн ашыгы аялдар жана балдар болгон.

Кыргындан кийин Чыгыш Гута Башар Асад режими 2018-жылы эң катуу блокаданы ишке ашырган жана дээрлик бардык курал-жарактарды колдонгон аймак болуп калды.

Аймактагы оппозициячылдар Асад режими жана Орусия менен болгон мажбурлоо келишиминин натыйжасында 2018-жылдын апрель айында Чыгыш Гутаны эвакуациялоого мажбур болгон.

5 жылдык блокададан чыккан жарандар учурда өлкөнүн түндүгүндөгү оппозициянын көзөмөлүндөгү аймактарда аман калуу үчүн күрөшүп жатышат.

Сириянын адам укуктары тармагынын отчетуна караганда Асад режими Сирияда жарандык согуш башталгандан кийин оппозициячылдардын көзөмөлүндөгү отурукташуу жерлерине 217 жолу химиялык курал менен кол салган.



Тектеш кабарлар