Нигерия Ковид - 19 вакциналарын өткөрүп алды

Нигерияга Ковид  - 19 менен күрөшүүнүн негизинде Канада жиберген 2,6 миллион доза Johnson & Johnson вакцинасы жетти.

1870328
Нигерия Ковид  - 19 вакциналарын өткөрүп алды

Нигерияга Ковид  - 19 менен күрөшүүнүн негизинде Канада жиберген 2,6 миллион доза Johnson & Johnson вакцинасы жетти.

Канада тарабынан берилген жана Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюмунун аз жана орто кирешелүү өлкөлөрдүн вакциналарга бирдей жетишишине мүмкүнчүлүк түзүүнү максат кылган Ковид  - 19 вакциналары үчүн Глобалдык Жеткиликтүү Программасынын (COVAX) жардамы менен жөнөтүлгөн 2,6 миллион доза Johnson & Johnson вакцинасы борбор шаар Абуджада жетекчилерге тапшырылды.

Нигериянын Улуттук саламаттыкты сактоо агенттигинин (NPHCDA) директору Файзал Шуайб Канада тарабынан берилген вакциналар Нигерияга эмдөө процессин тездетүүгө жардам берерин айтты.

Акыркы убакта өлкөдө Ковид-19 учурларынын кайрадан көбөйө баштаганын белгилеген Шуайб коомчулукту эпидемия менен күрөшүү үчүн вакциналарга көңүл бурууга чакырды.

Шуайб ушул кезге чейин 40 миң 700дөн ашуун кишинин эпидемияга каршы биринчи доза вакцина алгандыгын, 28 миңден ашуун кишинин толук доза вакцина алгандыгын жана 2 миң 700гө жакын кишинин кошумча вакцина алгандыгын айтты.



Тектеш кабарлар