Гутерриш Одесса портуна баа берди

Антонио Гутерриш  санкцияларга кирбеген орус азык  -  түлүк жана  жер семирткичинин глобалдык базарларга  тоскоолдуксуз жеткирилишинин маанилүү экендигин айтты.

1870325
Гутерриш Одесса портуна  баа берди

БУУнун башкы катчысы Антонио Гутерриш  санкцияларга кирбеген орус азык  -  түлүк жана  жер семирткичинин глобалдык рынокторго  тоскоолдуксуз жеткирилишинин маанилүү экендигин айтты.

Порттун көптөгөн айлардан бери иштебегендигин жана глобалдык дан кампасынан транспорт линиясынын орчундуу түрдө үзүлгөнүн баса белгилеген Гутерриш Стамбулда кол коюлган дан келишиминин муну өзгөрткөндүгүн айтты.

Гутерриш : «Бир айдан кыска бир убакыттын ичинде Одесса жана башка Украина портторунан дан жана башка азык  - түлүктөр жүктөлгөн 25 кеме чыкты»,- деди.

Кемелердин  600 миң тоннадан ашык буудай, жүгөрү, күн карама майы жана соя фасолу сыяктуу продукцияларды ташыгандыгын айткан Гутерриш андан да көп жүктүн жолдо экендигин белгиледи.

Көптөгөн тармакта дагы жасала турган иштердин бар экенин баса белгилеген Антонио Гутерриш базардагы баанын төмөндөшүндө орус жана украин продукцияларына көбүрөөк жетүүнүн маанилүү экенин айтты.

Гутерриш санкцияларга кирбеген орус азык-түлүк жана жер семирткич үчүн дүйнөлүк рынокко тоскоолдуксуз чыгуунун маанилүүлүгүн баса белгилеп : “Бардык өкмөттөр жана менчик сектордун буларды рынокко чыгаруу үчүн  кызматташуу түзүүсү абдан маанилүү. 2022 -  жылы жер семирткич  болбосо 2023 -  жылы азык - түлүк да болбой калышы мүмкүн. Бул максаттарды ишке ашырууда чечкиндүүмүн бирок бул бардык тараптардын кызматташуусу менен ишке ашат»,- деди.



Тектеш кабарлар