Владимир Зеленский : "Орус аскерлери чыгарылмайынча сүйлөшүүлөрдү баштоо мүмкүн эмес"

Владимир Зеленский Львовдо президент Режеп Таййип Эрдоган жана Бириккен Улуттар Уюмунун  баш катчысы Антонио Гутерриш менен өткөргөн үч тараптуу маалымат жыйынында сөз сүйлөдү.

1869943
Владимир Зеленский : "Орус аскерлери чыгарылмайынча  сүйлөшүүлөрдү баштоо мүмкүн эмес"

Украинанын президенти Владимир Зеленский орус аскерлери чыгарылмайынча тынчтык сүйлөшүүлөрүн баштоо мүмкүн эмес экендигин айтты. 

Владимир Зеленский Львовдо президент Режеп Таййип Эрдоган жана Бириккен Улуттар Уюмунун  баш катчысы Антонио Гутерриш менен өткөргөн үч тараптуу маалымат жыйынында сөз сүйлөдү.

Зеленский президент Эрдоган менен Гутерришти кабыл алганына абдан кубанычта экенин билдирип : "Өзгөчө Украинанын жеринин бүтүндүгү жана эгемендигин колдогондору үчүн урматтуу Гутерриш менен урматтуу президент Эрдоганга ыраазычылык билдирем",- деди. 

Өлкөсүнө кол салганы үчүн Россияны террордук кыймыл кылуу менен айыптаган Зеленский Россия менен тынчтык диалогу ыктымалына токтолду.

 

Украинанын лидери Россияга ишенбей турганын жана Россиянын Украинанын шаарларына күн сайын кол салууну улантып жаткандыгын айтып : "Тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн башталышы үчүн Россия оболу басып алган аймактардан чыгышы керек, кийинкисин көрө жатарбыз», - деди.

 

 



Тектеш кабарлар