Пакистан менен АКШ аскердик карым - катнаштар тууралуу сүйлөштү
Кургак жер күчтөрүнүн командири, армиянын генералы Камар Жавид Бажва Равалпиндиде Америка Кошмо Штаттарынын Борбордук күчтөр командирлигинин башчысы генерал Майкл Эрик Курилла менен жолугушту.
Пакистан менен Американын армия генералдары эки өлкөнүн ортосундагы аскердик карым - катнаштар тууралуу сүйлөштү.
Пакистан армиясынан берилген маалыматка караганда Кургак жер күчтөрүнүн командири, армиянын генералы Камар Жавид Бажва Равалпиндиде Америка Кошмо Штаттарынын Борбордук күчтөр командирлигинин (CENTCOM) башчысы генерал Майкл Эрик Курилла менен жолугушту.
Жолугушууда эки өлкөнүн ортосундагы өз ара кызыкчылык, аймактын коопсуздугу, туруктуулук жана коргонуу кызматташуусу темаларын карап чыгышты.
Пакистан армиясынын террор менен күрөшүү аракеттери жана армиянын аймактык тынчтык жана туруктуулукка кошкон салымы да күн тартибине келген сүйлөшүүдө Пакистан менен АКШнын ортосундагы аскердик тажрыйба алмашуу программасы да талкууланды.
Генерал Курилла Пакистандын терроризмге каршы күрөш, аймактык тынчтык жана туруктуулук үчүн аракети мактоого татыктыы экенин белгиледи.
Тектеш кабарлар
Чоң жетиликтин тышкы иштер министрлеринин жыйыны эртең башталат
Жыйында 2 күн бою эл аралык күн тартибиндеги маселелер каралат.