Нигерияда тамактануунун жетишсиздиги

Нигериянын Кацина штатында 1 миллион 200 миң бала туура эмес тамактануунун айынан физикалык жактан  өспөй калган.

1869958
Нигерияда тамактануунун жетишсиздиги

Нигериянын Кацина штатында 1 миллион 200 миң бала туура эмес тамактануунун айынан физиологиялык жактан  өспөй калган.

Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар Фондунун (ЮНИСЕФ) тамактануу боюнча менеджери Элхаджи Диоп Кацинада өткөрүлгөн «Эне сүтү менен күчтүү» аттуу программанын ачылышына катышты.

Элхаджи Диоп бул жерде сүйлөгөн сөзүндө Нигериянын начар тамактанган балдардын саны боюнча Африкада биринчи, дүйнөдө экинчи орунда экенин белгиледи.

Кацина штатында 5 жаштан кичүү 1,2 миллион баланын физиологиялык жактан өсө албаганын белгилеген Диоп бул сандын кооптондуруучу экенин айтты.

Диоп Кацинадагы балдардын жетишсиз тамактануу көйгөйүнө карата мамлекеттик бийлик органдары менен биргелешип иш алып барышарын баса белгиледи.

Эне сүтүнүн маанисине токтолгон Диоп балдардын өзгөчө жумуртка, соя, жер жаңгак жана каштан сыяктуу азыктар менен тамактануусу керектигин баса белгиледи.

Өткөн жылы өлкөдө кеминде 80 бала туура эмес тамактангандыктан каза болсо, жугуштуу оорулар да көбөйгөн.

 



Тектеш кабарлар