Колумбияда катуу жамгыр жаашы

Катуу жамгырдан 30 миңден ашуун үй-бүлөнүн олуттуу жабыр тартканы билдирилди.

1870002
Колумбияда катуу жамгыр жаашы

Колумбияда таасирдүү болгон катуу жамгырдан 30 миңден ашуун үй-бүлөнүн олуттуу жабыр тартканы билдирилди.

Өзгөчө өлкөнүн Боливар, Магдалена, Кавка жана Антиокия аймактарында сел жана жер көчкү жүрдү.

Регионалдык тобокелдиктер боюнча кеңешчи кеңсесинин директору Хосе Рикарте пресс- жыйынында  кээ бир жерлерде өзгөчө кырдаал жарыялашкандарын айтып, мезгилдик жаан - чачындын көп болгондугун белгиледи. 

Жер көчкү жана  селдерден зыян тарткан 30 миңден ашуун үй  -  бүлөгө жардам берүү үчүн аракетке өткөндөрүн белгилеген Рикарте Сан-Жасинто-дель-Каука, Маганге, Мопокс, Сикуко, Талайгуа, Каламар, Эль Гуамо, Сан Хуан Непомучено, Эль-Кармен де Боливар шаарларында жардам материалдарынын таркатылгандыгын айтты.

Жетечилер  айрым дарыяларда суу ташкындоо коркунучу бар экенин айтып, ага жакын жашаган элди этият болууга чакырды.

Колумбияда жыл сайын нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен сел жана жер көчкүлөрдөн көптөгөн адамдар каза болуп, олуттуу материалдык зыян келтирилүүдө. 



Тектеш кабарлар