Австрияда болгон бороондо эки бала каза болду

Кызыл Кресттин билдирүүсүндө бороондун Каринтия штатынын Вольфсберг аймагында таасирдүү болгону белгиленди.

1870016
Австрияда болгон бороондо  эки бала каза болду

Австриянын түштүгүндө жайгашкан Каринтия жана Тирол штаттарында катуу бороондон улам кулаган дарактардын астында калган 2 бала каза болду.

Кызыл Кресттин билдирүүсүндө бороондун Каринтия штатынын Вольфсберг аймагында таасирдүү болгону белгиленди.

Билдирүүдө бул жерде жайгашкан Сент-Андраер көлүндө сүзүп жүргөн 2 баланын бороондон улам кулаган дарактардын астында калып каза болгондугу, көлдөгү көп сандаган адамдын жаракат алгандыгы баса белгиленди.

Бир тараптан катуу бороон аймактын электр энергиясына да зыян келтирди.

Австрия темир жолдору  Каринтия, Штирия жана Тирол штаттарына поезд каттамдары токтотулганын жарыялады. Маалым болгондой, аталган аймакты электр энергиясы менен камсыз кылган электр энергиясы бузулуп, натыйжада электр жарыгы үзгүлтүккө учураган.

Метеорология жана геодинамикалык борбордун билдирүүсүндө өлкөнүн түштүгүндөгү ыңгайсыз аба ырайы башка аймактарга да таасирин тийгизип, аймактагы катуу бороондун ылдамдыгы саатына 139 километрге жеткени айтылды.

Учурда аймакта өтүп жаткан ар кандай фестивалдар да аба ырайынын катаал шарттарынан улам токтотулду. 



Тектеш кабарлар