Александр Кубраков : "Дан коридору ийгиликтүү иштеп жатат"

Кубраков бүгүн Одесса портунда Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антонио Гутеррешти кабыл алгандарын Твиттер баракчасынан бөлүштү.

1870207
Александр Кубраков : "Дан коридору ийгиликтүү иштеп жатат"

Украинанын инфраструктура министри Александр Кубраков дан коридорунун президент Режеп Таййип Эрдогандын жетекчилигинде Стамбулда кол коюлган дан коридору келишиминин жардамы менен ийгиликтүү иштегенин айтты.

Кубраков бүгүн Одесса портунда Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антонио Гутеррешти кабыл алгандарын Твиттер баракчасынан бөлүштү.

Гутерриш менен кемелердин дан жүктөө процессин карап чыгышкандарын билдирген Курбаков : "Кара деңиз дан демилегси менен дан коридорунун ийгиликтүү иштеп жаткандыгын ишеничтүү айта алабыз",- деди. 

Кара деңизден  коопсуз түрдө азык  - түлүк  ташууну камсыз кылуу үчүн 22 -  июлда Стамбул  Долмабахче сарайындагы президенттик офисинде Президент режеп Таййип Эрдоган жана БУУнун баш катчысы Антонио Гутерриштин алдында Украина жана Россия менен "Стамбул дан келишимине" кол коюлган. 

Кара деңизден дан продукцияларынын коопсуз түрдө ташылышы үчүн түзүлгөн Биргелешкен координация борбору 27 -  июлда Стамбулдагы Улуттук коргоо университетинин кампусунда ишке кирген. 

 



Тектеш кабарлар