Харьковго ракеталык кол салуу жасалды

Кол салууда 7 адам каза болуп, 17 адам жаракат алды.

1869441
Харьковго ракеталык кол салуу жасалды

Орус армиясынын Украинанын Харьков шаарына жасаган ракеталык кол салуусунда 7 адам каза болуп, 17 адам жаракат алды. 

Харьков шаарынын мэри Игорь Терехов орус бөлүктөрүнүн түнкү сааттарда Харьковдогу үч кабаттуу бир имаратка ракеталык кол салгандыгын айтты. 

Терехов кол салууда 7 кишинин каза болгондугун, 17 кишинин жаракат алгандыгын билдирди. Бардык жаралууларга керектүү медициналык жардамдын берилгендигин айткан Терехов үйсүз калган адамдарга да баш калкалоочу жай берилгендигин билдирди. 

Мэр Терехов : "Украина менен Харьковду канчалык бомбалашса бомбалашсын, биз бир гана  аман эле калбастан, жеңишке да жетишебиз. Россияны жана өлүмдү жеңебиз",- деди.

Украинанын Башкы штабы жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө орус армиясынын 24 - февраль менен 18 - августтун аралыгындагы жоготуулары тууралуу маалымат берди.

Билдирүүдө акыркы 1 күндө орус армиясына таандык 1 учак, 1 тик учак, 3 танк, 1 учкучсуз учуучу аппарат, 17 артиллерия, 2 ракета аткыч, 6 унаа жана 17 бронетехниканын жок кылынганы белгиленди.

Ошондой эле орус армиясынын 200 аскерин жоготуп, эң көп жоготууга учураган аймак Донецктин айланасы болгону кабарланды.

Согуш башталгандан бери Россияга таандык 234 учак, 197 тик учак, 1889 танк, 4179 бронетехника, 1010 замбирек, 15 кеме жана жеңил ылдамдыктагы кайык, 793 учкучсуз учуучу аппарат, 361 унаа, 265 ракета учуруучу жана 136 абадан коргонуу системасынын жок кылынгандыгы,  согуш башталгандан бери орустар тарабынан учурулган 190 канаттуу ракетанын Украинанын абадан коргонуу бөлүктөрү тарабынан атып түшүрүлгөнү жана жок кылынганы билдирилди.

Билдирүүдө орус армиясынын жалпы 44 миң 300 аскерин жоготкондугу маалымдалды. Росиянын  Коргоо министрлигинин 25-марттагы билдирүүсүндө Украинада 1351 орус аскеринин каза болгондугу белгиленген.

Орус аскерлери 24 -  февралда Украинага кол сала баштаган. 

 

 

 



Тектеш кабарлар