Кабулдагы мечитте жарылуу болду
Толо ТВга маалымат берген Кабул полиция башкармалыгынын басма сөз катчысы Халид Задран Садикие мечитинде шам намазы учурунда болгон жардыруудан каза болгондор тууралуу маалымат берди.
Ооганстандын борбор шаары Кабулда кечки намаз учурунда мечитте болгон жардыруудан 21 кишинин каза болгону жарыяланды.
Толо ТВга маалымат берген Кабул полиция башкармалыгынын басма сөз катчысы Халид Задран Садикие мечитинде шам намазы учурунда болгон жардыруудан каза болгондор тууралуу маалымат берди.
Задран окуянын натыйжасында 21 кишинин каза болгонун, 33 кишинин жараланганын жарыялады.
Азырынча кол салуу үчүн эч ким жоопкерчилик ала элек.
Талибандын басма сөз катчысы Забихулла Мужахид өзүнүн Твиттер баракчасына билдирүү жасап, окуяны айыптоо менен бирге кылмышкерлер мүмкүн болушунча тез арада табыларын белгиледи.
Түркиянын Тышкы иштер министрлиги да террордук кол салууда каза болгондор үчүн көңүл айтуу билдирүүсүн жарыялады.
Тектеш кабарлар
Илхам Алиев Москвада Путин менен жолугушат
Эки лидер актуалдуу аймактык маселелер боюнча пикир алмашат.