Мароккодогу токой өрттөрү

Токой өрттөрүнөн улам 3 киши каза болуп, 2 киши оор жаракат алды.

1868841
Мароккодогу токой өрттөрү

Марокконун Эль-Медик-Эль-Финейдик аймагындагы токойдогу өрттөрдү өчүрүү иштерине  катышкан унаалары менен кырсыкка учураган 3 өрт өчүргүч каза болуп, 2 киши оор жаракат алды.

Марокко башкаруусунан берилген жазуу түрүндөгү маалыматта дүйшөмбү күнү кечинде  Эль-Медик-Эль-Финейдик  аймагындагы Кидйет ет  - Тайфур токоюнда чыккан өрттөн улам бардык тиешелүү бөлүмдөрдүн кооптонгону белгиленди.

Өрт өчүрүүчү учактар менен бирге түрдүү адам ресурстары, унаалар жана логистикалык каражаттардын жумшалгандыгы белгиленген билдирүүдө Жарандык коргонуу боюнча башкы директорлугуна таандык бир унаанын кырсыкка учурашы менен унаадагы 3 кишинин каза болгондугу, 2 кишинин оор жаракат алгандыгы билдирилди. 

Өрттүн көзөмөлгө алынышы жана отурукташуу аянттарына жайылбашы үчүн иштердин аткарылып жаткандыгы билдирилген маалыматта ушул кезге чейин 90 гектарга жакын токой аянтынын өрттөнгөндүгү белгиленди. Маалыматта өзгөчө териштирүүлөрдүн натыйжасында  өрт менен байлынышы бар экендигинен шектенилген 4 кишинин кармалгандыгы айтылды.

Маркконун түндүгүндөгү айрым облустарда июль айында чыккан өрттөрдө  10 миң гектардан ашуун токой аянты зыян тарткан.

 

 

 



Тектеш кабарлар