Испаниядагы токой өрттөрү

Испаниянын Валенсия автономиялуу аймагында болуп жаткан токой өртү аянтынан өткөн бир поездеги 20 киши жаракат алды.

1868813
Испаниядагы токой өрттөрү

Испаниянын Валенсия автономиялуу аймагында болуп жаткан токой өртү аянтынан өткөн бир поездеги 20 киши жаракат алды. 

Валенсия автономиялуу башкаруусунун жетекчилеринин басма сөзгө берген билдирүүсүндө Кастеллондун Каудиел районунда шамалдын таасири менен өрттүн темир жолуна чейин баргандыгы жана аймактан өтүп бара жаткан бир поездин каалгаларынын ачылышы менен жүргүнчүлөрдөн 20 кишинин жаракат алгандыгы белгиленди. 

Жүргүнчүлөрдүн көпчүлүгүнүн түтүндөн таасирленгендиги, үчөөсүнүн денесинде олуттуу күйүктүн бар экендиги билдирилди. Поездин өрт аймагынан алыстап, Каудиел станциясына кайткандыгы маалымдалды. 

Ошол эле учурда жуманын акырынан бери болуп келе жаткан жана 10 миң гектардан ашуун аянт өрттөнгөн Эбо өрөөнүндөгү токой өртүнөн улам аймактагы 2000 кишинин эвакуациялангандыгы жарыяланды. 

Валенсия аймагында акыркы 10 жылдын эң чоң өртүн өчүрүү үчүн 26 учак жана тик учак абадан колдоо көрсөтүүдө.

 

 



Тектеш кабарлар