Иран : "АКШ менен туткундарды алмаштырууга даярбыз"

Ирандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Насер Кенани АКШ менен туткун алмашуу маселеси боюнча басма сөз өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп берди.

1869179
Иран : "АКШ менен туткундарды алмаштырууга даярбыз"

Иран Америка Кошмо Штаттары  менен туткундарды алмаштырууга даяр экенин билдирди.

Ирандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Насер Кенани АКШ менен туткун алмашуу маселеси боюнча басма сөз өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп берди.

Кенани : "Иран ар кандай каналдар аркылуу АКШ тарапка өзөктүк келишимге карабастан, туткундардын көйгөйү менен күрөшүүгө даяр экенин бир нече жолу билдирди», - деди.

Ирандык туткундардын АКШнын жалган дооматтары менен камакка алынганын айткан Кенани : "АКШнын сот системасынын курмандыгы болгон ирандык туткундар мүмкүн болушунча тезирээк бошотулуп, үй-бүлөлөрүнө кайтып келүүгө мүмкүнчүлүк түзүлүшү керек",- деди. 



Тектеш кабарлар