АКШ континенттер аралык баллистикалык ракета сынады

АКШнын аба күчтөрүнүн глобалдык кол салуу командирлиги тарабынан берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Minuteman III континенттер аралык баллистикалык ракета сынагынын ишке ашырылгандыгы  белгиленди.

1868887
АКШ континенттер аралык баллистикалык ракета сынады

АКШ континенттер аралык баллистикалык ракетаны сынады.

АКШнын аба күчтөрүнүн глобалдык кол салуу командирлиги тарабынан берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Minuteman III континенттер аралык баллистикалык ракета сынагынын ишке ашырылгандыгы  белгиленип : "Бул сынак АКШнын атомдук баш тарттыруучулугун коопсуз, ишенимдүү, 21 -  кылымдын коркутууларын болтурбоо жана союздаштарыбызга ишеним берүү үчүн таасирдүү экендигин көрсөтүүнү максат кылган мезгилдүү  аткарылган иштердин бир бөлүгү. Мындай сынактар мындан мурда 300 жоулдан ашуун жасалды жана бул тест учурдагы глобалдык абалдардын жыйынтыгы эмес",- деп билдирилди. 

Калифорния штатындагы Ванденберг космостук күчтөрүнүн базасынан учурулган куралсыз баллистикалык ракета 6760 километр аралыкты басып, Маршалл аралдарындагы Кважалейн атоллундагы бутага тийген.

Minuteman III америкалык аскерлердин стратегиялык арсеналынын ачкычы катары каралууда. Ракета 9660 километрден ашык уча алат жана саатына болжол менен 24 миң километр ылдамдыкка ээ.

Генерал - майор Арманд Вонг берген билдирүүсүндө : "Сыноолорубуз мурдатан пландалды жана дүйнөдөгү абалдарга карата каршылык эмес. Ар бир учуруу үчүн тыкандык менен дачрдалган пландоо процесси учуруудан алты ай же бир жыл мурда башталат",- деди. 

Ушул айдын башында АКШ Тайвань жакындарындагы  машыгууларынан улам Кытай менен күчөгөн чыңалууну болтурбоо жана апрель айында болсо Украинада уланып жаткан согушта  Россия менен болгон өзөктүк чыңалууну азайтуу максатында аталган сыноолорду эки жолу кийинкиге калтырган.

Россиянын президенти Владимир Путин февраль айында жасаган билдирүүсүндө өлкөсүнүн өзөктүк күчтөрүн жогорку даярдыкка өткөрүп, Россиянын Украинаны басып алуусунун  өзөктүк согушка алып келиши мүмкүн деген кооптонуу күчөгөн. Бирок АКШ ушул кезге чейин  Вашингтондун өзөктүк коркунучтун деңгээлин өзгөртүүгө эч кандай негиз көрбөгөндүгүн жарыялады.

 

 



Тектеш кабарлар