Украинадан Ливан үчүн жолго чыккан биринчи кеме Сирияда

Украина данын ташыган биринчи жүк кемеси "Разони" Сирияга барды.

1868681
Украинадан Ливан үчүн жолго чыккан биринчи кеме Сирияда

Associated Pressтин жүргүзгөн иштеринин натыйжасында спутник көрүнүштөрүнөн алынган анализдерде 1 -  августта Украинанын  Одесса портунан чыккан "Разони" аттуу Сиерра Леоне желектүү кургак жүк ташыган кеменин Сириянын Тартус портуна баргандыгы белгиленди. 

27 миң тонна жүгөрү ташыган "Разони" айдын башында Ливанга баруу үчүн Одесса портунан жолго чыккан. 

Украинанын инфраструктура министринин орун басары Юрий Васков кечээ берген билдирүүсүндө дан коридорунун биринчи эки жумасында Украина портторунан 16 кеменин, дүйнөнүн 9 өлкөсүнө  болжол менен жарым миллион тонна Украина дан продукцияларын жеткирүү үчүн чыккандыгын белгилеп, айдын акырына чейин да кеминде 10 кемеге жүк жүктөлүшү пландалып жаткандыгын билдирген. 

 

 



Тектеш кабарлар