Кениянын жаңы мамлекет башчысы

Кенияда 9 - августта өткөн шайлоодон кийин Уильям Руто өлкөнүн 5-президенти болду.

1868218
Кениянын жаңы мамлекет башчысы

Кенияда 9 - августта өткөн шайлоодон кийин Уильям Руто өлкөнүн 5-президенти болду.

Кениянын шайлоо комиссиясы президенттик шайлоодо вице-президент Уильям Рутонун 50,49 пайыз, оппозициянын талапкери Райла Одинганын 48,85 пайыз добуш алганын жарыялады.

Эгерде талапкерлердин бири нааразычылык билдирбесе Рутто 30 -  августта ант берет.

Бир тараптан парламенттик шайлоодо Одинганы колдогон Азимио коалициясы 162 депутат менен көпчүлүккө ээ болуп, Рутонун коалициясы Кения Кванза 159 орунга ээ боло алды.

12 орунга көз карандысыз талапкерлер ээ болуп, 4 орундук үчүн өткөрүлө турган шайлоо кечеңдетилди. 

Бул шайлоодо бешинчи жолу президенттик үчүн жарышкан Одинганын шайлоо жыйынтыктарына нааразычылык билдирип же билдирбей тургандыгы азырынча белгисиз. 

 

 



Тектеш кабарлар