Иран, атомдук сүйлөшүүлөр, Европа Биримдигинин сунушуна жооп

Иран Европа Биримдигинин атомдук сүйлөшүүлөрдө акыркы келишим долбоору катары киргизген сунушка жазуу түрүндө жооп бергендигин жарыялады.

1868464
Иран, атомдук сүйлөшүүлөр, Европа Биримдигинин сунушуна жооп

 Иран Европа Биримдигинин атомдук сүйлөшүүлөрдө акыркы келишим долбоору катары киргизген сунушка жазуу түрүндө жооп бергендигин жарыялады.

Иран расмий агенттиги ИРНАнын кабарына караганда Тегеран сүйлөшүүлөрдүн координатору Европа Биримдиги тарабынан сунушталган жана акыркы жол картасы катары кабыл алынган келишим долбооруна байланыштуу көз караштарын кечээ Европа Биримдигине билдирди.

Кабарда жооптун мазмуну тууралуу кенен маалымат берилген жок, бирок Европа Биримдиги тарабынан сунушталган акыркы келишим долбооруна АКШнын жообунун «реалдуу жана ийкемдүү» боло турган болсо келишимдин түзүлөрү белгиленди.

Сүйлөшүүлөрдө Ирандын чечиле албаган үч темада АКШдан  ийкемдүүлүк көрсөтүүсүн, булардын келишим текстинде орун алышын жана келишимдин улантылышынын кепилдикке алынышына шарт түзө турган  кепилдиктерди күтүп жаткандыгы айтылды.

Иран менен 2015 -  жылы кол коюлган атомдук келишимдин кайрадан толук кандуу ишке ашырылышына шарт түзүү жана АКШ  келишимге айланышын карап чыккан атомдук сүйлөшүүлөр 2021 -  жылы апрель айынан бери мезгил  - мезгили менен  Австриянын борбор шаары Венада өткөрүлүүдө.

Венада Россия, Кытай, Германия, Франция, Британия жана Ирандан жогорку мартабалуу жетекчилердин катышуусу менен өткөрүлгөн сүйлөшүүлөргө АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп мезгилинде 2018 -  жылы келишим болбостон бир тараптуу чыккан Вашингтон Европа Биримдигинин ортомчулугу менен кыйыр түрдө катышууда.



Тектеш кабарлар