Ереванда болгон жарылуу

Жарылууда каза болгондордун саны 16га жетти.

1868572
Ереванда болгон жарылуу

Армениянын борбор шаары Ереванда мурунку күнү соода борборунда фейерверк саткан дүкөндө болгон  жарылууда каза болгондордун саны 16га жогорулады.

Арменпресстин кабарына караганда Армениянын чукул абалдар министрлигинин катчысы Хайк Костанян  жарылууда каза болгон 16 кишиден 13нүн күбөлүгүнүн аныкталгандыгын айтты.

Костанян күбөлүгү аныкталгандардын арасында кош бойлуу бир аялдын жана кичинекей баланын бар экендигин, 10 кишинин алигече табыла электигин маалымдады.

Соода борборунда 14 -  августта болгон катуу жарылуудан кийин өрт чыгып, уранды астында калгандардын бар экендиги билдирилген.

Бир тараптан Улуттук кризисти башкаруу борбору бүгүн жергиликтүү убакыт боюнча саат 10:05те Еревандагы метро станцияларын бутага алган бир бомба кабарын алгандарын билдирди.

Чукул абалдар министрлигинен К9 бөлүктөрү жана бомба жардыруучу топтор станцияларга жиберилди.

Изилдөө иштери акырына чыкканга чейин бардык станциялардын жабылгандыгы белгиленди.

 

 

 

 



Тектеш кабарлар