Финляндия террорду колдобогондугун билдирди
Финляндиянын коргоо министри Антти Кайкконен өлкөсүнүн террорду колдобогондугун, жетекчилердин күн сайын террор менен күрөшүү үчүн иштегендигин айтты.
Финляндиянын коргоо министри Антти Кайкконен өлкөсүнүн террорду колдобогондугун, жетекчилердин күн сайын террор менен күрөшүү үчүн иштегендигин айтты.
YLE телекөрсөтүүсүнүн кабарына караганда Антти Кайкконен 240 - Улуттук коргонуу программасында сөз сүйлөп, НАТО менен толук шайкештик ичинде экендерин белгиледи.
Кайкконен : "НАТОго мүчөлүк критерияларын орундатты",- деп НАТОго мүчө 30 өлкөдөн 23нүн Финляндиянын мүчөлүгүн бекиткендигин, башка 7 өлкөнүн парламент чечимин күтүп жаткандыгын эске салды.
Бул 7 өлкөнүн арасында Түркиянын да бар экендигин белгилеген министр Кайкконен Түркиянын коопсуздук санааларына маани бергендерин айтып : "Финляндия террорду колдобойт. Жетекчилерибиз террор менен күрөшүү үчүн күн сайын иштеп жатат жана муну ийгиликтүү аткарып жаткандарын айтуу туура болот",- деди.
Тектеш кабарлар
Кытайда болгон сел жана жер көчкүдө 4 адам каза болуп, 10 адам дайынсыз жоголду
Кытайда нөшөрлөп жааган жамгырдан улам сел жана жер көчкү болуп, 4 адам каза болду.