Андерссон: «Түркия менен кол коюлган үчтүк меморандумдун шарттарына баш ийебиз»

Магдалена Андерссон Швециянын борбор шаары Стокгольмдо Германиянын канцлери Олаф Шольц менен жолугушкандан кийин пресс-конференция өткөрдү.

1868558
Андерссон: «Түркия менен кол коюлган үчтүк меморандумдун шарттарына баш ийебиз»

Швециянын премьер-министри Магдалена Андерссон НАТОго мүчөлүктөрүнө байланыштуу Түркиянын тынчсызданууларын чечүү үчүн Финляндиянын да катышуусу менен кол коюлган «үчтүк меморандумдун» шарттарын аткара тургандарын айтты.

Магдалена Андерссон Швециянын борбор шаары Стокгольмдо Германиянын канцлери Олаф Шольц менен жолугушкандан кийин пресс-конференция өткөрдү.

Андерссон НАТОго мүчөлүк үчүн арыз берген Финляндия, Швеция жана Түркиянын ортосунда 28-июнда Испаниянын борбор шаары Мадридде өткөрүлгөн НАТО саммитине токтолуп: "Түркиянын тынчсыздануусун чечүү үчүн Мадриддеги НАТО саммитинде кол коюлган үчтүк меморандумдун шарттарына баш ийебиз. Түркияга (террористтерди) өткөрүп берүүлөр эл аралык укуктун алкагында уланат",-деди. 

Германиянын канцлери Шольц да 23 өлкөнүн Швеция менен Финляндиянын НАТОго мүчөлүгүн жактырганын белгилеп, Түркиянын да жакын арада аны бекитет деген үмүтүн билдирди.



Тектеш кабарлар