Путин эл аралык аскердик-техникалык форумда сөз сүйлөдү

Путин Москва облусунда 21-августка чейин улана турган «Армия» деп аталган 8-эл аралык аскердик-техникалык форумдун ачылышында сөз сүйлөдү.

1868150
Путин эл аралык аскердик-техникалык форумда сөз сүйлөдү

 

Орусиянын президенти Владимир Путин Латын Америкасы, Азия жана Африка мамлекеттери менен бекем карым-катнаштарды баалаарын билдирип: «Бизди өлкөбүздүн ар кайсы континенттерде көптөгөн союздаштары, өнөктөштөрү жана пикирлештери бар экени кубандырат. Бул гегемония деп аталган мамлекеттердин алдында баш ийбеген мамлекеттер»,-деди.

Путин Москва облусунда 21-августка чейин улана турган «Армия» деп аталган 8-эл аралык аскердик-техникалык форумдун ачылышында сөз сүйлөдү.

Орусиянын аскердик-техникалык кызматташтыктын кеңири жана ар тараптуу өнүгүшүн жактаганын баса белгилеген Путин, мындай кызматташтыктын азыр барган сайын пайда болуп жаткан көп уюлдуу дүйнө тартибинде дагы да маанилүү болуп калганын айтты.

Орусиянын көптөгөн өнөктөштөрүн да тосуп алгандарын белгилеген Путин: «Өлкөбүздүн ар башка континенттерде көптөгөн союздаштары, өнөктөштөрү жана пикирлештери бар экенине ыраазыбыз»,-деди.

Бул өлкөлөрдүн (Латын Америкасы, Азия жана Африка мамлекеттери) көз карандысыз жолго бара аларын белгилеген Путин: «Алар эгемендүү, көз карандысыз өнүгүү жолун тандашат. Алар дүйнөлүк жана аймактык коопсуздук маселелерин эл аралык укукту, өз ара жоопкерчиликти жана бири-биринин кызыкчылыктарын эске алуу менен биргелешип чечүүнү каалашат. Ошентип, алар көп уюлдуу дүйнөнүн сакталышына салым кошууда»,-деп айтты.

Орусиянын Латын Америка, Азия жана Африка өлкөлөрү менен күчтүү карым-катнаштары бар экенин белгилеген Путин: «Биз Латын Америкасы, Азия жана Африка мамлекеттери менен бекем, достук жана чындап ишенимдүү мамилелерди чын жүрөктөн баалайбыз. Биз союздаштарыбызга жана шериктештерибизге ок атуучу куралдардан бронетехникага жана артиллерияга, аскердик авиациядан учкучсуз учактарга чейин эң заманбап куралдарды сунуштоого даярбыз»,-деди.



Тектеш кабарлар