Орусиянын Украинадагы аскердик чабуулдары

Игорь Конашенков орус аскер күчтөрүнүн Орусия-Украина согушундагы аракеттери тууралуу билдирүү жасады.

1868104
Орусиянын Украинадагы аскердик чабуулдары

Орусиянын Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Игорь Конашенков Украинанын Харьков облусунда 100дөн ашуун поляк жана немис чет элдик жалданма согушкерлери жок кылынганын билдирди.

Игорь Конашенков орус аскер күчтөрүнүн Орусия-Украина согушундагы аракеттери тууралуу билдирүү жасады.

Украинанын Днепр аймагында абадан учурулган жогорку тактыктагы ракеталар менен 2 электр подстанциясынын иштен чыкканын белгилеген Конашенков: «Харьков областындагы Золочев конушунун жанында чет элдик жалданма аскерлердин убактылуу борборуна сокку урулду. Польшадан жана Германиядан келген 100дөн ашык жалданма жоокер набыт болуп, 50дөн ашууну жарадар болду»,-деди.

Украина армиясынын Херсон аймагындагы 63-механикалаштырылган бригадасынын позицияларына жасалган чабуулда 160 аскердин таасирсиз абалга келгенин билдирген Конашенков, Донецк аймагында 260 украин аскеринин набыт болгонун айтты.

Орус армиясынын Украинадагы аскерий элементтерге чабуулун улантып жатканын белгилеген Конашенков, Украина армиясынын башкы штабы, 4 ок-дары сактоочу кампа жана 2 күйүүчү май цистернасынын жок кылынганын билдирди.

Орусиянын басма сөз катчысы Украина күчтөрүнө таандык 3 учкучсуз учуучу аппараттын атып түшүрүлгөнүн билдирип:«Учурда Украинага таандык 267 учак, 148 тик учак, 1741 учкучсуз учуучу аппарат, 365 абадан коргонуу ракеталык системасы, 4311 танк жана бронетехника, 799 көп стволдуу ракета аткычтар, 3304 гаубицалар жана минометтор, ошондой эле Украинанын 4891 атайын аскердик техникасы жок кылынды»,-деп маалымдады.



Тектеш кабарлар