Орусия-Украина согушунан жабыркагандар

Орус аскерлери 24-февралда Украинага чабуул кое баштаган болчу.

1867909
Орусия-Украина согушунан жабыркагандар

Украинанын Донецк аймагында орус кол салууларынын уланганы, аймакта акыркы 24 саатта 3 жарандын каза болгону, 13 кишинин жараланганы билдирилди.

«Украинская правда» сайтынын өлкөнүн аскер округу администрацияларынан алып даярдаган кабарга караганда, кечээ кечинде Николайев шаарына жасалган кол салууда шаардагы бир билим берүү мекемесинин имараты зыян тартты.

Суми аймагында болсо кечээ бир күн бою уланган бомбалуу кол салуулар эртең менен кайрадан башталып, түнү Орусиянын Белгород чек арасынан Харьков аймагына 10дон ашуун ракета атылды.

Днепропетровск облусунда да Синельниковский жана Никополь шаарлары Орусиянын град ракеталары менен атылды, бир орус ракетасы украин армиясы тарабынан зыянсыздандырылды.

Орусиянын Донецк аймагына акыркы 24 саатта катуу сокку уруусун улантканы, Бахмут, Николаевка, Угледар, Авдеевка сыяктуу көптөгөн отурукташуу жерлеринин Смерч, град жана С-300 менен аткыланганы билдирилди.

Кол салуулардын натыйжасында Донецк облусунда 3 жайкын тургун каза болуп, 13 киши жарадар болду жана, 3 батир менен 28 жеке үй зыян тартты.

Орусия-Украина согушунда эң катуу кагылышуулар болуп жаткан жерлердин бири болгон Донбасс фронтуна жакын жайгашкан Славянск шаары да таңга маал орус аскерлеринин соккусуна кабылды.

Бир тараптан Украинанын интернет сайттарында орун алган кабарларда, 2019-жылы Украина аба күчтөрүнүн эң мыкты учкучу болуп тандалган Антон Листопаддын Орусия менен болгон согушта каза тапкандыгы белгиленди.

Орус аскерлери 24-февралда Украинага чабуул кое баштаган болчу.



Тектеш кабарлар