Климаттын өзгөрүшү: Өлүмгө алып келген тери рагында өсүш

Илимпоздор күндүн алдында өтө көп убакыт өткөрүүнүн меланома жана башка өлүмгө алып келген рак ооруларын пайда кылаарын эскертишти.

1867984
Климаттын өзгөрүшү: Өлүмгө алып келген тери рагында өсүш

Климаттын өзгөрүшү өлүмгө алып келген тери рагынын көбөйүшүнө себеп болууда.

Илимпоздор өзгөчө түндүк өлкөлөрүндө, күндүн алдында өтө көп убакыт өткөрүүнүн меланома жана башка өлүмгө алып келген рак ооруларын пайда кылаарын эскертишти.

Бристоль университетинин климат илимдеринин профессору Дэнн Митчелл, Британияда жана түндүктөгү берки өлкөлөрдө адамдар ысык күндөрдө көбүрөөк сыртка чыгууга умтулгандарына көңүл буруп, мунун жыл бою күн нуруна жана рак фактору катары көрсөтүлгөн ультрафиолет нурларына көбүрөөк дуушар болушуна алып келерин баса белгиледи.

"Кайсы бир ысык аба толкунунун белгилүү рак оорусун пайда кылганын айта албайбыз" деген Митчелл, рак оорусунун көбөйүшүнүн климаттын өзгөрүшү жана жылуу күндөр менен байланышканын айтты.

Шеффилд университетинин медициналык онкология профессору Сара Дансон болсо бул маселе боюнча тынчсыздануусун билдирип, жайдын ысык болушунун меланомага байланыштуу өлүмдөргө алып келиши мүмкүн экенин кабарлады. 

Европа өлкөлөрү учурда рекорддук жылуулук менен күрөшүп жатышат.



Тектеш кабарлар