Эквадордо катуу жардыруу болду

Өлкөнүн эң чоң шаары Гуаякилдин Кристо-дель Консуэло районунда белгисиз адамдардын бомбалуу кол салуусу болду.

1867973
Эквадордо катуу жардыруу болду

Түштүк Америка өлкөсү Эквадордун Гуаякил шаарында болгон жардыруудан 5 киши каза болуп, 16 киши жараланды.

Өлкөнүн эң чоң шаары Гуаякилдин Кристо-дель Консуэло районунда белгисиз адамдардын бомбалуу кол салуусу болду.

Кол салууда 5 киши каза болуп, 16 киши жараланды, 8 үй жана 2 унаа зыянга учурады.

Ички иштер министри Патрисио Каррилло өзүнүн Twitter баракчасында окуяны айыптап: "Экономиканы көптөн бери ууландырып келе жаткан уюшкан кылмыштуу топтор азыр жардыргыч заттар менен кол салууда. Бул мамлекетке расмий согуш жарыялоо",-деп айтты.

Президент Гильермо Лассо да социалдык медиа эсебинен билдирүү жасап, каза болгондордун жакындарына көңүл айтып: «Мен коопсуздук кабинетине Гуаякилдин элин коргоо үчүн токтоосуз аракет кылууну тапшырдым»,-деди.



Тектеш кабарлар