Тайвань: «Кытай учактары аралдын айланасынан байкалды»

Бул тууралуу Тайвандын Коргоо министрлигинен жасалган билдирүүдө орун алды.

1867565
Тайвань: «Кытай учактары аралдын айланасынан байкалды»

Тайвань кечээ күнү аралдын айланасында Кытайга таандык 29 согуштук учак жана 6 согуштук кеменин көрүнгөнүн билдирди.

Тайвандын Коргоо министрлигинен жасалган билдирүүдө аралдын айланасында көрүнгөн учактардын 13үнүн Тайвань кысыгындагы тараптардын таасир этүүчү аймактарын чектегени эсептелген аба жана деңиз сызыгынын чыгышына жана Тайвандын абадан коргонуунун идентификациялык зонасынын (ADIZ) түштүк-батыш бөлүгүнө учканы белгиленди.

Билдирүүдө аба жана деңиз унааларынын электрондук байкоочу аппараттар, патрулдук учактар, кемелер жана жердеги ракета системалары менен байкоого алынганы белгиленди.

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелосинин 2 жана 3-августта Тайванга жасаган сапарынын артынан Кытай аралдын айланасында аскердик машыгуу өткөрдү. 6 аймакта өткөрүлгөн машыгуулар аралдын айланасында иш жүзүндө блокаданы жаратты.

Кытай армиясы машыгуулар 10-августта аяктаганын жарыялаган, бирок Тайван кысыгындагы аскердик патрулдук иш-аракеттер улана турганын билдирген.



Тектеш кабарлар