Пакистанда бомбалуу жардыруу болду

Geo News телеканалынын кабарына караганда, Мир Али аймагында жол жээгинде ташталган мотоциклге коюлган бомба жарылды.

1867514
Пакистанда бомбалуу жардыруу болду

 

 

Пакистандын Белужистан жана Хайбер-Пахтунхва провинцияларында коопсуздук күчтөрүнө кол салуулар болуп 4 аскер каза тапты.

Пакистан армиясынын билдирүүсүнө караганда, Хайбер-Пахтунхва провинциясынын Дир аймагында коопсуздук күчтөрүнө багытталган бомбалуу кол салууда 2 аскер каза болду.

Белужистандын Хост аймагында коопсуздук пунктуна кол салуу болду. Кагылышууда эки аскер курман болгон.

Пакистан армиясы кол салууларды ким жасаганы тууралуу маалымат бөлүшө элек.

Пакистандын Түндүк Вазиристан аймагындагы жардыруудан да 3 киши каза болуп, 5 киши жараланды.

Geo News телеканалынын кабарына караганда, Мир Али аймагында жол жээгинде ташталган мотоциклге коюлган бомба жарылды.

Кол салууда 3 адам каза болуп, 5 адам жаракат алды.

Кол салуу үчүн жоопкерчиликти эч ким өзүнө ала элек.

9-июлда Мир Алиде аскердик кербенге жанкечтинин кол салуусунан төрт аскер набыт болгон.



Тектеш кабарлар