Орусиянын Украинадагы аскердик аракеттери

Орусиянын Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Игорь Конашенков Орусия-Украина согушундагы орус аскер күчтөрүнүн аракеттери тууралуу маалымат менен бөлүштү.

1867550
Орусиянын Украинадагы аскердик аракеттери

Орусиянын Коргоо министрлиги Украинанын Донецк облусундагы Пески конушунун көзөмөлгө алынганын билдирди.

Министрликтин басма сөз катчысы Игорь Конашенков Орусия-Украина согушундагы орус аскер күчтөрүнүн аракеттери тууралуу маалымат менен бөлүштү.

Харьков аймагында Украинанын куралдуу күчтөрүнө караштуу 30-механикалаштырылган бригаданын 70тен ашуун аскеринин таасирсиз абалга келтирилгенин жана 300дөн ашуун аскердин жараланганын белгилеген Конашенков, Донецк аймагында болсо 10-Тоо чабуул бригадасынын 170 аскери жана 12 аскердик техникасынын жок кылынганын айтты.

Конашенков Бахмут конушуна жакын жерде 72-механикалаштырылган бригаданын 2 ротасы толугу менен талкаланганын билдирип: «Шериктештик аскерлеринин чабуулдарынын натыйжасында Донецк Элдик Республикасы деп аталган аймактагы Пески конушу бошотулду»,-деди.

Орус армиясынын Украинадагы аскерий элементтерге каршы чабуулдарын улантканын белгилеген Конашенков, Донецк аймагында HIMARS көп стволдуу ракета аткычтары менен жогоруда аталган системага тиешелүү ок-дарылар менен кампанын жок кылынганын айтты.

Конашенков: «Николаев облусунда Украинанын Аскер-аба күчтөрүнүн «Ми-24» үлгүсүндөгү тик учагы жок кылынды. Мындан тышкары 4 башкаруу штабы жок кылынды»,-деди.

акыркы 24 саатта Украина армиясына таандык 4 учкучсуз учуучу аппараттын атып түшүрүлгөнү тууралуу маалымат менен бөлүшкөн Орус басма сөз катчысы:«Учурда Украинага таандык 267 учак, 148 тик учак, 1736 учкучсуз учуучу аппарат, 365 абадан коргонуу ракеталык комплекси, 4297 танк жана бронетехника, 798 көп стволдуу ракета аткычтар, 3295 гаубицалар жана минометтор, ошондой эле 4858 атайын аскердик техникасы жок кылынды»,-деп айтты.

Орус аскерлери 24-февралда Украинага чабуул кое баштаган.



Тектеш кабарлар